Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Руслан Жакышов "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырган "Вега" компаниясын сындады.
Руслан Жакышов Кыргызстанда айып салынбаган унаа дээрлик жок экендигин, айыптардын туумдары эки эсе өсүп, жарандар төлөй албай жаткандыгын белгиледи.
"Мага бир жаран аэропорттон учарда унаамдын айып пулу төлөнбөгөндүктөн учурбай коюп, билетим күйүп кетти деп кайрылды. Урматтуу Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, мындай карап чыккыла да кичине. Кайсы бир компанияны колдоп жатасыңар. Канча деген жарандарыбыздын жон терисин шылып жатат. Айыптардын өлчөмү айлык маяналарга дал келбей жатат", - деди ал.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов депутаттар тарабынан туум боюнча мурда да сунуштар түшкөндүгүн, эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп беришсе, экинчи окууда айып пул төлөбөй жүрүп алса туум өсөт деген жобону алып салышарын айтты. Ошондой эле айып салынган соң алгачкы 15 күн ичинде төлөсө бериле турган 70 пайыздык жеңилдиктин мөөнөтү 30 күнгө узартыла турганын кошумчалады.