Тажикстандын агрессиясы: Атайын эсепке 311 миллион сомдон көп каражат топтолду

Бүгүн, 4-октябрга карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына колдоо көрсөтүү үчүн Финансы министрлигинин бирдиктүү казыналык эсебине 311 миллион 927 миң 920 сом түштү. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле финансылык алдамчылыктын алдын алуу максатында ачылган.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 63 адам каза болгонун билдирген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан