Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө 70 пайыз эл көчүп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.
"Кечээ күнү Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жаштары президентке кайрылышты. Бул кайрылууда чек ара көйгөйү. Жаштардын айткан сөзү 100 пайыз чындык. 70 пайыз эл көчүп кетип калды. Мектеп окуучуларынан ар бир класста 5, 6дан эле окуучу калды. Мисалы, Арка айылында жалаң эркектер эле калды. Эл чийдей тарады", - деди Талиева.
Ошондой эле Камила Талиева айылдагы элдин санын чыгаруу керектигин айтты.