Орусиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келгендердин саны өсүп жатат. Мындан улам Ош жана Бишкек шаарларында ижарада турган кыргыз жарандарын батирден чыгарып, алардын ордуна орус жарандарын көп суммадагы акчага берип жатканы боюнча маселени Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Айбек Осмонов көтөрдү.
"Ижара берүүчүлөр студенттерди, балалуу үй-бүлөлөрдү чыгарып, Орусиядан келгендерди батирге киргизип жатканы коомчулукта көйгөй болуп жатат. Алар каттоого алынганбы же жокпу текшерүүгө алышыбыз керек. Бул албетте, убактылуу нерсе. Бирок түшүндүрүү иштерин колго алышыбыз керек. Суукта биздин эл кайда барат?", - деп суроо салды эл өкүлү.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл сегиз айда 190 миңден ашык орус жараны Кыргызстанга келип каттоого турган. Соңку айда бул сан кескин көбөйгөнү белгиленет.
Маалымдалгандай, 1-январдан тарта азыркы мезгилге чейин каттоого турган орусиялыктардын саны 190 миң 340 адамды түзгөн. Ал эми былтыр жыл бою 210 миң орус жараны каттоого турган. Сентябрь айында эле 20 миң орусиялык каттоого турган.
Кыргыз мыйзамдарына ылайык, Орусиянын жарандары өлкөдө 30 күн каттоосуз жүрүүгө укуктуу. Бул мөөнөттөн узак калса катталууга тийиш.