Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев коңшу Тажикстандын кол салуусунан кийин дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкери Дастан Анарбеков боюнча маселени көтөрдү.
"Мен үчүнчү жолу айтып жатам. Дастан Анарбеков Баткен окуясынан кийин дайынсыз болуп жатпайбы. Ушул боюнча бир компетенттүү органдарга айтасызбы, энесинин бир буту Бишкекте, бир буту Таласта болуп жатат. Биз бир айылданбыз. Ушуну мен сизге айткандан чарчабадым сиз кайра жообун айтпайсыз да. Бүгүн дагы апасы келе жатыптыр, аны Чек ара кызматынын башчысынабы же Камчыбек Ташиевгеби, же президенткеби жолуктуруп айтпайсыздарбы", - деди Мураталиев.