Исхак Масалиев: "Биз тарап Кемпир-Абад өтө берсин деген чечим кабыл алды"

"Ал жашыруун эмес. Биз тарап мейли өтө берсин деген чечим кабыл алды", - деди эл өкүлү Исхак Масалиев журналисттерге интервью берип жатып.

Ал президенттин кечээ күнү айткан сөзүнө таянып, өзбек тарап Кемпир-Абад маселеси боюнча макулдашууну ачыкка чыгарбоону макулдашышканын билдирди.

"Мен юрист болгондон кийин президенттин же Ташиевдин сөзүн кайталагым келбейт. Анткени соңку кездери айтылган сөз менен кагаздын айырмасы чоң болуп жатат. Кагаз колума түшсүн анан так айта алам. Бирок бул туура эмес кадам болуп жатканын айтып коёюн. Шашпай сүйлөшүүлөрдү уланта бериш керек. Себеби негизги келишим боюнча Кемпир-Абад суу сактагычы курулганда өзбек тарап Кадамжайдын Бүргөндү аймагына 200 чакырым канал жана Сохто суу сактагыч курмак. Бирок аны аткарган эмес. Андыктан бизде талап коюуга негиз бар", - дейт Масалиев.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилүүсү боюнча коомчулукта бир топ нааразычылыктар айтылып келет. Буга байланыштуу кечээ күнү президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөнгө барган. Жыйын боюнча да бир катар талаш-тартыш пикирлер айтылган. Азыркы учурда президенттин администрациясы Кемпир-Абаддын башка өлкөгө өтүп кетүүсү боюнча расмий жооп айта элек.

Исхак Масалиев: "Биз тарап "Кемпир-Абад" өтө берсин деген чечим кабыл алды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан