28 жаштагы Нурсултан Акылбек уулу "Жылдын мыкты мугалими" болду

Бүгүн, 5-октябрда борборубуздагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
"Жылдын мыкты мугалими" наамын Ош шаарындагы №52 "Кыргыз-Түрк" достугу мектеп-лицейинин математика мугалими Нурсултан Акылбек уулу жеңип алды. Ага министрликтин Ардак громатасы, ноутбук жана сыналгы берилди. Сыйлыктарды билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов тапшырды.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Белгилей өтсөк, былтыр Ош облусунан келген жаш мугалим Илгизбек Шамырзаев "Жылдын мыкты мугалими" деп табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан