Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов төрагалык кызматтан кеткен Талант Мамытов менен чогуу анын үч орун басары дагы кетсе туура болорун билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Мынакей Талант Турдумаматович жаңы эле өзүнүн арызын берди. Эң башкысы аз иштесе дагы так иштеди. Эл тарапта болуп жатты, ар бир мыйзам чыгарууда өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүп жатты. Кызматтан кетүү өзүнүн каалоосу экен. Урматтуу төраганын орун басарлары, баягы бир команда болуп келдиңер эле эми чогуу үчөөңөр, үч вице-спикер отставкага кетсеңер жакшы болмок. Чогуу келгенден кийин төраганы колдоп чогуу кетсеңер", - деди Руслан Жакышов.