"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Акылбек уулу Ош шаарындагы №52 "Кыргыз-Түрк" достугу мектеп-лицейинин математика мугалими болуп 6 жылдан бери эмгектенип келет.
Нурсултан сынакка катышууга окуучулары себепчи болгон айтып, устаттарына ыраазычылык билдирип өттү.
"Сынак абдан жакшы өттү. Ар бир этаптан бери республикага тандалып келген кесиптештерибиздин тажрыйбалары менен ачык таанышып турдук. Атаандаштарым да абдан мыкты даярдык менен келишиптир. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем.
Сынакка катышуума себеп болгон окуучулар, экинчиден, мыкты жамаатым. Анткени Дамира Аскеровна башында турган мектеп жетекчилиги биздей жаш мугалимдердин өсүшүнө шарт түзүп берген. Ачык сабактарды уюштуруп, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Жаш мугалимге методикалык жактан жардам көрсөткөн профессионал кеңешчилерди мектепке чакырып, түрдүү семинарларды уюштуруп турат. Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Маматова Асылкан эжеке өзүнүн илимий изилдөө ишинин апробациясын биздин мектепте жүргүзүп келе жатканы да бизге пайдалуу болуп жатат. Көрсө, ар бир мектепке методист кеңешчилер зарыл экен. Асылкан эженин: "Чыныгы мугалим сабакта жаралган көйгөйгө окуучуну күнөөлөбөй, көйгөйдү өзүнөн издейт. Аны чечүүгө өзү чын дилден киришкенде гана көйгөйдөн чыгуунун жолдорун табат" деген сөзү ар дайым менин көкүрөгүмдө", - деп билдирди ал.