Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдырын эл чечиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров журналисттерге интервью берип жатып билдирди.
"Кечээ күнү Кемпир-Абад боюнча маселени жабык эшик артында карадык. Бир эмес, эки жолу трибунага чыгып сүйлөгөнү туура келди. Жыйында негизинен алдын ала даярдалган жарандар болду. Мындайча айтканда спектакль эле болду да", - дейт Мадумаров.
Эл өкүлү суу сактагычтын айланасындагы көйгөй ошол аймакта жайгашкан 5 айыл өкмөттүн гана эмес, Кыргыз мамлекетинин тагдыры экенин баса белгилеген.
"Кемпир-Абаддын тагдырын эл чечиши керек. Бул 5 айыл өкмөттүн элинин эле эмес, Кыргыз мамлекетинин тагдыры. Эгерде эл булар кандай чечкен болсо, ошого макулбуз деп отура берген болсо, анда отура беришсин. Эмне кылалы айтыңыздарчы? Биз депутат катары эмне кылышыбыз керек? Макималдуу түрдө маалыматты берип, күрөштү жүргүзүп жатабыз.Турдакун Усубалиевичтин "Алтындан кымбат суу" деген китебинде "Кемпир-Абад" боюнча керемет сөздөр жазылган. Биз азыр ошону депутаттарга таратып беребиз. Аны окугандан кийин алар ойгонобу ойгонбойбу? Ынсап берсин", - деди Мадумаров.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-октябрь күнү Өзгөндө жогоруда аталган маселе боюнча президент баш болгон тиешелүү жетекчилердин катышуусундагы жыйын жабык эшик артында өткөн. Соңку күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жаратып келет. Бирок бул маселе боюнча президенттин администрациясы расмий жооп айта элек.