"Жиним келип жатат". "Барселона" клубунун машыктыруучусу Чемпиондор Лигасындагы жеңилүүгө калыстарды күнөөлөдү

Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Хави Чемпиондор Лигасынын беттешинде калыстарга нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Бүгүн, 5-октябрга караган түнү Италияда "Интер" менен "Барселона" кез келип, оюн 1:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Беттештеги жалгыз голдун автору Хакан Чалханоглу болду. Ал биринчи бөлүктүн аягында гол киргизди. Ошол эле маалда беттештин 67-мүнөтүндө “Барселонанын” жарым коргоочусу Педри эсепти теңеди. Бирок гол кирерде топ каталониялык клубдун чабуулчусу Ансу Фатинин колуна тийгенин калыс видео кайталоону көрүп голду жокко чыгарды.

"Мен ачууланып жатам, анткени биз адилетсиздикке кабылдык. Биз абдан маанилүү жеңилүүгө дуушар болдук. "Интердин" оюнчусу дагы кол менен ойногон. Калыс бул спортто маанилүү роль ойнойт. Бул Чемпиондор Лигасы, атаандаштык көп. Биз аракет кылдык, атаандаштарга караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүк түздүк, бирок "Интер" жакшы коргонду. Мен бул жеңилүү үчүн тынчсызданып жатам, биз кыйын абалдабыз", - деген Хави.

Чемпиондор Лигасынын "С" тайпасында жайгашкан "Барселона" үч беттеште үч гана упайга ээ болуп, "Интер" жана "Бавария" клубдарынан кийин үчүнчү орунда келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан