Токтогул суу сактагычындагы суу бир суткада 10 миллион метр кубга көбөйдү

Бүгүн, 5-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 644 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.

Кабарлангандай, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 261 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 151 метр кубга жетүүдө.

Былтыр, 2021-жылы 5-октябрда суу сактагычта 12 миллиард 310 миллион куб метр суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан