Бүгүн, 5-октябрда Жалал-Абад шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, алдынкы мугалимдерге Ардак грамоталар, төш белгилер жана алкыш баракчалары тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору тарабынан белгилүү болду.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев жана мектептердин, бала бакчалардын мугалимдери катышты.
"Шаар мэри мугалимдик кесип ары түйшүктүү, ары сыймыктуу экенин баса белгилеп, агартуу тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүгө, окуткан мугалимине жана ата-энесине жергиликтүү бюджеттен сый акы берүү демилгеленип жатканын кошумчалады", - деп жазылат маалыматта.
Учурда шаардагы 22 мектепте 2 миңге жакын мугалим эмгектенет. Аларга жергиликтүү бюджеттен майрамга карата жыл сайын сый акы жана ай сайын коммуналдык төлөмдөр үчүн атайын акча каражаты бөлүнүп келет.