Бүгүн, 5-октябрда президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдалды.
Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
"Мамлекет башчысы ушул жыл Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгы жана ЖККУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленип жатканын айтып, уюмдун мааракелик жылына ЖККУга мүчө мамлекет - Тажикстан Республикасынын жакындагы мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттери көлөкө түшүргөнүн өкүнүч менен белгиледи.
Жапаров Станислав Заска Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы, анын натыйжасында жай тургундардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмү, ошондой эле Баткен облусундагы жарандык жана социалдык инфраструктуранын эбегейсиз кыйрашы тууралуу кеңири айтып берди.
ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась өз кезегинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Уюм бул кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди", - деп жазылат маалыматта.
ЖККУнун башкы катчысы 2022-жылдын күзүндө Армения Республикасында өткөрүлүшү пландалган уюмдун уставдык органдарынын алдыдагы отурумдарына жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле ал ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар жеке тапшырмаларынын аткарылышы боюнча Садыр Жапаровго маалымат берди.