Эртең Оштун айрым аймактарында электр жарыгы өчөт (Тизме)

"Ош электр тармактар" ишканасы эртең, 6-октябрда Ош облусунун айрым аймактарында оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөрүн билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 8:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
Чоң-Алай районунун Сопу-Коргон, Сары-Таш айыл өкмөттөрүндө;
Ноокат районунун Бостон, Кара-Турпак, Гулистан, Катар-Терек, айылдарында;
Кара-Суу районунун Фуркат, Кыргыз-Чек, Медресе, Ачы, Беш-Мойнок айылдарында;
Ош шаарынын Анар, Ак-тилек, СМУТТ, Достук кичи шаарчаларында, Көкүмбий, Атабаев, Низами, Мамыров, Санкт-Петербург, Макаренко, Садырбаев, Суриков, Абжалов, Навои, Турсунбаева, Аношина, Ашимахунов, Масалиев көчөлөрүндө, Кыргызстан, Кеңеш, Озгур, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан