
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, каражат алган үй-бүлөлөр ишкердик баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарынан чыгууга аракет көрөт.
Район боюнча тандалган 50 долбоор мал чарбачылык, майда соода, тигүүчүлүк, компьютердик жана курулуш кызматтарын көрсөтүүүчү чакан бизнес багыттарын камтыды.
Каражат министрлик тарабынан "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулдун алуучулардын арасында берилүүдө.