Орусиялык блогер жана журналист Илья Варламов Кыргызстандын артыкчылыктары менен кемчиликтерин атап өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм баракчасына жазды.
"Кудум Швейцариядагыдай кооз жаратылыш. Эгер тоолорду, көлдөрдү, токойлорду жакшы көрсөңүз, анда Кыргызстанга келиңиз.
Эли ак көңүл, ар дайым жардам берүүгө даяр. Бул жерде ачка жана баш калкалаган жайы жок калуу мүмкүн эмес. Эң башкысы, өлкөнү Киргизия деп айтууга болбойт. Борбордук Азиядагы эң эркин жана демократиялуу өлкө. Эч кандай диктаторлор жок. Түштүк Корея сыяктуу мурдагы президенттер менен мэрлерди түрмөгө камашат.
Тил жагынан эч кандай көйгөй жаралбайт. Себеби бул жакта дээрлик көпчүлүгү орусча сүйлөшөт. Көптөгөн документтер, мисалы нотариалдык ишеним каттар Орусияда да, Кыргызстанда да таанылат. Бардыгы арзан жана даамдуу. Кеңселер жана батирлерди ижарага алуу жеткиликтүү. Юристтердин жана медицина кызматы Орусияга салыштырмалуу 5 эсе арзан", - деп жазган Варламов.
Ошондой эле Кыргызстанда бизнести каттоо жеңил экенин, салыктардын баасы төмөн экенин айткан.
"Жергиликтүү банктар орусиялыктарга карталарды оңой ачып беришет. Деңиз жок, бирок Ысык-Көл бар. Ысык-Көл турганда деңиздин эмне кереги бар, туурабы? Активдүү жана алдыга умтулган жаштар арбын. Бишкектен Алматыга чейин жеңил унаа менен болгону 4 саат", - дейт Варламов.
Ошондой эле блогер өлкөнүн кемчиликтерине токтолуп, шаарлар 1990-жылдарда калганын айтып өткөн.
"Коомдук транспорттордун абалы начар. Тыгын. Чоң шаарларда экология начар. Бишкекте таза аба жок. Себеби унаалардын көбү эски жана нормаларга туура келбейт. Жөө жүргүнчүлөрдү сыйлоо деген нерсе жок. Архитектура боюнча айта турган болсок, өзгөчө тарыхый архитектуралык курулуштардын абалы өкүнүчтүү. Аэропортту жаңылып койсо деле болчудай...", - деп кошумчалаган ал.