Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо максатында жергиликтүү тургундар тарабынан суу сактагычтын жанына тигилген боз үйдү милиция кызматкерлери чечип салышты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
"Урматтуу туугандар, мына формачандар келип алып түнкү саат 1де биздин боз үйлөрдү чечип жатышат. Бизге ушундай күч колдонгону туурабы?", - деди видеонун автору.
4-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча жыйын өткөн. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан. Жыйындан чыккандан кийин депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад Өзбекстанга өткөнүн билдирген.