UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко учурда Ысык-Көл облусунда эс алып, ошол эле учурда машыгуу өткөрүп жүрөт.
Мушкер айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Ысык-Көлдө кой айдап бара жаткандагы видеосу менен бөлүштү. Видео Асылбек Өзүбековдун "Гүлдөй жан" ыры менен коштолгон.
"Койлор жайлоодон келе баштады. Валентина чабан кайрадан жумушунда. Техаста ковбои, Аргентинада гаучо, ал эми Кыргызстанда чабан", - деп жазды Шевченко.
Валентина Шевченко 2021-жылы дагы Ысык-Көлдө кой айдагандагы видеосу менен бөлүшкөн. Анда ал өзүн "Валентина чабан" деп атаган.