Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, облус боюнча 280 үйдүн орду урандыдан тазаланды. Тазалоо иштерине 200дөн ашуун адам тартылып, 55тей техника иштеп жатат. Жарандык коргонуу комиссиялары жабыркаган турак жайларды тактоо иштерин улантууда.
Үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.
Ошол эле учурда Тажикстандын агрессиясы 140 миңге жакын жарандын коопсуз жайга эвакуация болуусуна алып келген. Мындан сырткары 200гө жакын Кыргыз жарандары түрдүү жаракат алган. Каза болгондордун саны 63кө жеткен.