
Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги Санкт-Петербургдагы Кыргыз жарандарынын массалык уулануусу боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Санкт-Петербургга 27 Кыргыз жараны "Лахта борборунда" курулуш иштерин жүргүзүү үчүн келген. Орусия Федерациясындагы иш берүүчүлөр «Прайдекс» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын жарандарын жатакана жана 3 маал тамак менен камсыз кылган.
Учурда ууланган жарандар Боткин атындагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынып, текшерүү жүрүп жатат.
Орусия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин канцеляриясынын кызматкерлери бул окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат.