Италияда "Барселона" клубунун машыктыруучусу Хави чуулгандуу ишарат кылганы жарыяланды

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 3-турунун алкагындагы "Интер" менен "Барселонанын" беттешинен кийинки чатак дагы деле уланууда.

Тагыраагы Eurospor басылмасынын италиялык бөлүмү "Барселонанын" машыктыруучусу Хавинин эфирге кирбей калган чуулгандуу ишаратын жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда Хави күйөрмандардын көзүнчө акча которууну туурап, колу менен кыймылдарды жасаган. Ал муну менен калыстарды сатып алган деп айткысы келген.

Учурда Хавинин провокациялык ишаратын көрсөткөнү үчүн дисквалификациясы белгисиз.

Чындыгында оюн учурунда топ "Интер" клубунун коргоочусу Дензел Дюмфристин колуна тийген. Бирок башкы калыс Славко Винчич пенальти берген эмес.

Оюндан кийин Хави бул жеңилүүдө "Барселона" Чемпиондор Лигасында оор акыбалга кептелип калганын айтып, нааразычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан