Бишкекте шаардын көркүн бузган жарнамаларды алуу иштери уланууда

Бишкекте шаардын көркүн бузган жарнамалар алынууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тышкы жарнактарды иретке келтирүүдө. Мындай иштер «Тазалык» ишканасы менен биргеликте Абдрахманов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүүдө.

Бүгүн, 6-октябрда вице-мэр Нурдан Орунтаев баштаган тиешелүү кызматтар аталган көчөнүн тилкесин комиссиялык кароодон өткөрүштү. Жыйынтыгында шаарды тышкы жарнама таштандыларынан тазалоо боюнча тапшырмалар берилди. Бирок акча алмаштыруучу жайлардын ижарачылары тарабынан нааразычылыктар болгон. Вице-мэр ижарачылар менен баарлашты. Вице-мэр өз кезегинде бул маселени чечүүдө шаардыктарга жардам берерин жана каалаган убакта кабыл алууга даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле муниципалдык инспекция тарабынан ижарачыларга Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыптар салынды. Демонтаждалган мүлк айып жайга жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан