Бишкектеги таштанды полигонунда түтүндү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, муниципалитет тарабынан Профсоюзная көчөсүндөгү топурактарды чыгарууга жана түтөп жаткан жерге төгүүгө каражат бөлүнгөн.
"250 рейс жасоо пландалууда. Топурактарды чыгаруу менен көчөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн аймак тазаланып, маселени жарым-жартылай чечет", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Учурда жеринде «Тазалык», «Бишкекжашылчарба», «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкексууканал» жана «Бишкекасфальтсервис» ишканаларынын атайын техникалары иштеп жатат.