
Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка таянсак, жер титирөө бүгүн, 6-октябрда саат 15:08де катталган.
Жер силкинүү Ак-Суу районунун Каракол айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.