Тажикстандын кол салуусу: Курман болгон жоокерлердин аллеясын ачуу пландалууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Баткендеги окко учкан баатырлар унутулуп калбайбы деген собол менен жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновго жана маданият министри Алтынбек Максутовго кайрылды.

"Баткендеги окко учкан баатырлар унутулуп калбайбы? Эгер эсте болсо, аларга кандай иш-чаралар көрүү алдында турат?" деп суроо салды депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев каза болгон жоокерлердин аллеясын ачуу пландалып жатканын билдирди.

"Бир аз убакыт керек. Мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Биринчиден наам, сыйлыктар ирети менен каралат. Экинчиден курман болгон жоокерлердин аллеясын ачабыз. Таштан эстелик тургузуп, сүрөттөрүн коюп, аттарын жазабыз. Жылдар өтсө ал жерде жоокерлерге таазим этип эскерүү күндөрү болот", - деп билдирди ал.

Ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жоокерлердин эрдигин даңазалоо максатында сериалдар, роликтер тартылып, массалык маалымат каражаттарында атайын берүүлөр жасаларын айтты.

"Бул боюнча сөзсүз кам көрөбүз. Бизде кийинки жылга атайын каражаттар кино, сериал жана роликтерди тартууга каралып жатат. Андан тышкары массалык маалымат каражаттарында атайын берүүлөр жасалып, мамлекети үчүн жанын берген балдар үчүн түбөлүктүү эстелик калтырабыз деп ойлойм", - деди ал.

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште төрт министрликке, тагыраагы Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Энергетика жана Транспорт министрликтерине талапкерлер каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан