Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээси аныкталды

Француз жазуучусу Энни Эрно 2022-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу бейшемби күнү, 6-октябрда Швеция академиясынын Нобель комитети тарабынан маалым болду.

Маалыматта айтылгандай, бул сыйлыкты «ал жеке эс тутумдун келип чыгышын, бөтөнчөлүгүн жана жамааттык алкагын ачып берген» эрдиги жана тактыгы үчүн алган.

Эрно 1940-жылы 1-сентябрда туулган. Анын биринчи романы "Бош шкафтар" 1974-жылы жарык көргөн. Ал жалпысынан 20дан ашык китеп жазган. Алар чоңоюу, турмушка чыгуу, боюнан алдыруу жана онкология темаларын чагылдырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан