
Эртең, 7-октябрда Ош облусунун айрым аймактарында оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ош электр тармактар" ишканасынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 8:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
Ош шаарынын Анар, Ак-Тилек, СМУТТ, Достук кичи шаарчаларында, Көкүмбий, Атабаев, Адыкадыров, Низами, Примов, Нурматов, Абжалов көчөлөрүндө. Кыргызстан, Кеңеш айылдарында. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө;
Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында. Кара-Суу шаарында.
Ош жана Баткен электр тармактар мекемелери электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.