Сеулда Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Сеулга болгон Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынына катышуунун алкагында Кореянын соода, өнөр жай жана энергетика министринин орун басары Жонг Дэ Жин менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, тараптар акыркы мезгилде өкмөттөр аралык деңгээлде да, эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрү аркылуу да бир катар маанилүү иш-чаралар ийгиликтүү өткөнүн, ошондой эле өнөр жай тармагында кызматташуунун олуттуу перспективаларын белгилешти.

Амангелдиев бүгүнкү күндө республикада монтаждоочу заводдорду түзүүгө жана өндүрүштүк-технологиялык процессте ата мекендик материалдарды колдонуу менен чет элдик ишканаларды локалдаштырууга чоң көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мындан сырткары инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын жана мындан ары да иш алып барарын ишендирди.

Министр өнөр жай тармагында кызматташуунун бир катар багыттарын ишке ашырууну, анын ичинде медициналык жабдууларды, кубаттоочу кабелдерди жана электромобилдер үчүн түзүлүштөрдү өндүрүү боюнча биргелешкен монтаждоону, "Кыргызиндустрия" ААК аркылуу "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну, электромобилдерди жана жеңил коммерциялык жүк ташуучу автомобилдерди электр кубаты менен жыйноону ишке ашырууну сунуштады.

Данияр Амангелдиев ошондой эле текстиль өндүрүшүндө санариптик технологиялар боюнча кыргыз-корей кызматташтык борборун түзүү долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Корея тарап жеңил өнөр жай тармагында кызматташуунун ийгиликтүү курсун белгилеп, эркин экономикалык аймактардын алкагында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан