Жакырчылыктан чыгуунун көзүн тапкандар: Жалал-Абадда 50 үй-бүлө ишкерлик баштады (фото)

Жалал-Абад шаарында социалдык келишимдин негизинде берилген 100 миң сом менен 50 үй-бүлө чакан ишкерлигин баштады. Бул жөнүндө шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарланды.

Алардын арасында 3 үй-бүлө тигүүчүлүк, 3 үй-бүлө сүттү кайра иштетүү ишкерлигин баштады.

"Мындан тышкары мал жандыктарын багуу, такси кызматын көрсөтүү, нан азыктарын бышыруу, соода-сатык, сулуулук салондорун ачуу жана тамак-аш бышырып саткандар бар.

Долбоордун максаты эмгекке жарамдуу жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын же өз алдынча иштөө шарттарын түзүү, жакырчылыкты азайтуу жана жумушсуз жарандардын санын кыскартуу болуп саналат", - деп билдиришти мекемеден.

Эскерте кетсек, долбоорду каржылоо үчүн республикалык бюджеттен 292 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражат өлкө боюнча 2 800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 000 сомдон ишкердик баштоо үчүн кайтарымсыз негизде берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан