Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээлери аныкталды

2022-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгы беларусиялык укук коргоочу Алес Беляцкийге, орусиялык “Мемориал” укук коргоо уюмуна жана Украинанын “Жарандык эркиндиктер борбору” укук коргоо уюмуна ыйгарылды. Бул тууралуу Швеция академиясынын Нобель комитети Twitter баракчасына жарыялады.

Тынчтык сыйлыгы Альфред Нобелдин керээзине ылайык, элдерди бириктирүү жана активдүү армиялардын санын кыскартуу, ошондой эле тынчтык конгресстерин жана тынчтыкты сактоо боюнча конгресстерди өткөргөндүгү үчүн эң чоң ийгиликке жетишкен же башкаларга караганда көбүрөөк эмгек кылган адамга ыйгарылат.

Быйыл лауреат өзүнүн сүрөтү бар медалды, дипломду жана 10 миллион крон өлчөмүндө акчалай сыйлык алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан