Польшанын борбору Варшавада электр энергиясынын кымбатташына каршы массалык нааразычылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, "Мындан кийин бир гана караңгылык" деген ураан астында өтүп жаткан иш-чаранын уюштуруучулары Польшанын шаарлар союзу, региондор союзу жана метрополий союзунун мүчөлөрү.
"Жума күнү Польшанын парламентинин жанына жүздөгөн адам чогулду. Алардын арасында Польшанын ар кайсы аймактарынан келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да бар. Алар нааразычылык акциясын "Мындан кийин бир гана караңгылык" деген ураан менен өткөрүүдө. Митингчилер өздөрү менен кошо "Өкмөт шаарларды караңгылатат", "Чыгымдар өсүп жатат, баалар көтөрүлүүдө – мындан ары биз буга чыдай албайбыз" деген плакаттарды ала келишкен", - деп жазылат маалыматта.