Каракол шаарындагы мал базар көчөгө чейин чыгып, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Каракол шаарынын тургуну билдирди.
Анын айтымында, Каракол шаарындагы мал базарда баш аламандык орун алып, ага эч кандай чара көрүлбөй жатат.
"Каркол шаарындагы мал базар көчөгө чейин чыгып кетти. Мал базарга батпагандар көчөдө эле соодасын жүргүзүп жатышат. Бул жакта дайыма тыгын жаралат. Мындан улам шаар тургундары "Элдан" тегирменине баралбай жатышат. Андан тышкары, көчө малдын калдыктарына, таштандыларга толуп кеткен.
Эски базар Караколдун ортосунда, ал эми жаңы базар шаар четинде жайгашкан. Ал жакка эл барбай жатат. Бул эски базарды жабыш керек, анткени өтө эле баш аламан болуп кетти.
Бул маселени жергиликтүү бийлик укпай жатат. Шаардык бийлик буга чара колдонуп, көйгөйдү чечип берүүсүн суранабыз", - дейт Каракол шаарынын тургуну.