Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктун толук модернизациялоо чек арадан өтүү убактысын 30 мүнөткө чейин кыскартарын билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Достук" өткөрмө пунктунун жана "Электрондук өткөрүү пункту" инновациялык долбоорунун ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Орусиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук катышты.
Министрлер кабинетинин башчысы орусиялык тарапка "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Андан ары министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев салтанаттуу сөз сүйлөдү.
Ал белгилегендей, бардык бажы системасын реформалоонун негизги багыттары Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан аныкталган.
"Кыргызстандын жетекчилиги мамлекетте бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу максатында өткөрүү пункттарын модернизациялоого жана аларды чек арадагы көзөмөл функцияларын аткаруу үчүн заманбап техникалык каражаттар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурат", - деди төраганын биринчи орун басары.
Министрлер кабинети мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдарын "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча интеграциялоонун эсебинен товарларды өткөрүү убактысын 30 мүнөткө чейин кыскартуу пландалып жатканын белгиледи.
Адылбек Касымалиев ошондой эле чек ара бекеттериндеги көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана убакытты кыскартуу соода ишмердүүлүгүн жөнөкөйлөтүп, мамлекеттин, бизнес-коомчулуктун убактысын жана каржылык чыгымдарын бир топ кыскартарын баса белгиледи.
Өз кезегинде Орусия өкмөт башчысынын төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз Республикасы Орусия Федерациясынын ишенимдүү өнөктөшү жана союздашы экенин белгиледи.
"Достук" өткөрмө бекетинин ачылышы Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында биздин тыгыз кызматташтыгыбызды билдирет. Бүгүн биз биргелешкен иштин абдан жакшы натыйжасын көрүп жатабыз жана мындан аркы кызматташууга багыт алганбыз", - деди Алексей Оверчук.
Маалымат үчүн: ЕАЭБге кирүү процессинин алкагында "Достук" өткөрүү пункту нөлдөн баштап реконструкцияланган. "Электрондук өткөрүү пункту" долбоору чек ара көзөмөлүн тездетилген жана эффективдүү ишке ашыруу үчүн өткөрүү пункттарын техникалык модернизациялоону, бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүүнү жана санариптик технологияларды киргизүүнү карайт.
Белгилей кетсек, мурда чек араны көзөмөлдөө процесстери кагаз журналдарын толтуруу менен кол менен жүргүзүлүп келген, техникалык каражаттар ташылган товарлар жана транспорт каражаттары боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзбөстөн, өз алдынча иштеген, бул өз кезегинде мамлекеттик жөнгө салуу функцияларынын кайталанышына алып келген. Чек арадагы өткөрүү пунктунан өтүү үчүн 4 сааттан 11 саатка чейин убакыт талап кылынган. Өз кезегинде "Электрондук өткөрүү пункту" долбоору өткөрүү ылдамдыгын жогорулатып, өткөрмө пункттардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн гана жогорулатпастан, чек арадан өтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, жасалма интеллект аркылуу процесстерге онлайн мониторинг жүргүзүүнү камсыздайт.
Өз кезегинде "Электрондук өткөрүү пункту" төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- өткөрүү ылдамдыгын жогорулатуу жана өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- чек арадан өтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;
- процесстердин онлайн мониторингин камсыз кылуу;
- аналитикалык системалардын ишинин натыйжалары боюнча жасалма интеллект аркылуу чечим кабыл алуу;
- чек арадагы жүк ташуучулар менен мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлеринин ортосундагы байланышты минималдаштыруу;
- көзөмөлдүн сапатын жогорулатуу.
Долбоор чек арадан товарларды өткөрүүнүн жөнөкөй, ыңгайлуу, эң негизгиси тез жол-жоболорун түзүүнү камсыздайт.
Белгилей кетсек, долбоор Бажы кызматын 2022-2024-жылдарга өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылып, электрондук бажыны өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыты болуп саналат. Концепцияны ишке ашыруунун натыйжасында, Бажы кызматы бизнес менен өз ара кызматташуу моделине өтүүгө умтулат.