Бүгүн, 9-октябрга карата доллардын курсу 83 сомдун тегерегинде кармалууда.
Өлкөдөгү коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 81 сомдон 82 сом 80 тыйынга чейин болсо, сатуу 82 сомдон 83 сом 80 тыйынга чейин болууда.
Ал эми рублду сатып алуу 1 сом 28 тыйындан 1 сом 30 тыйынга чейин болсо, сатуу 1 сом 40 тыйынга чейин болууда.
Улуттук банкта 1 доллардын курсу 81 сом 31 тыйын деп көрсөтүлгөн.