Эртең, 10-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Маалым болгондой, Ысык-Көл, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3 … +8, күндүз +15 … +20,
Талас облусунда түнкүсүн -1 … +4 күндүз +14 … +19,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +5 … 1+0, күндүз +20 … +25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +12 … +17,
Нарында түнкүсүн -1 … +4, күндүз +12 … +17,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6 … +8, күндүз +18 … +20 градус болот.