Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы бөлүмдөрү ачылды (фото)

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү негизделген жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бөлүмдөр заманбап жабдуулар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет.

"Өткөн жылы бул жерге капсула салынып, бүгүнкү күндө заманбап жабдуулар менен жабдылган, эл аралык стандарттарга жооп берген офтальмология жана отоларингология бөлүмдөрүн ачып жатабыз. Кичинекей бейтаптарды дарылоо үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Биз заманбап медициналык технологияларды, жаңы ыкмаларды колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматты өнүктүрүүгө жана муктаж болгон ар бир балага анын өмүрү үчүн болгон күрөштө колдон келген жардамды көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Балдар - биздин бактыбыз, кубанычыбыз жана келечегибиз, алардын ден соолугуна кам көрүү улуу муундун милдети. Өлкөбүздүн эң негизги байлыгы - эл. Элибиздин жаркын келечеги дал ушул жаш муундардан көз каранды. Андыктан дени сак жаш муундун өсүп жетилиши мамлекет үчүн абдан маанилүү", - деди Жапаров.

Отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү жайгашкан аянты 3293 чарчы метр болгон 5 кабаттуу имаратты курууга жана жабдууга "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси тарабынан 174,5 миллион сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары уюм Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында сметалык наркы 120 миллион сомдук 3 кабаттуу имараттын курулушун бүткөрүүгө даяр экендигин тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан