Тарыхта биринчи жолу түйүлдүккө операция жасалды

Тарыхта биринчи жолу түйүлдүккө операция жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, операцияны Калифорния университетинин хирургдары жасашкан.

Дарыгерлер сейрек кездешүүчү кемтикти - омуртка бифидасын айыктырууга аракет кылышкан. Бул дартта ымыркайдын омурткасы апасынын курсагында жатканда эле туура эмес өсөт. Эгер ага убагында жардам көрсөтүлбөгөндө, бөбөктүн буту шал болуп төрөлмөк.

Биринчи келин кош бойлуулугунун 25-жумасында операция жасатып, ушул жылдын сентябрь айында көз жарган.

Операция хирургиялык кийлигишүүнү камтыйт, ал тургай кош бойлуулуктун стадиясында, бул кемчиликти оңдоо керек. Жатында кичинекей тешик жасалат, ал аркылуу түйүлдүктүн омурткасына сөңгөк клеткасы чапталат.

Окумуштуулар өздөрүнүн ыкмасы боюнча корутундуну түйүлдүк кезинде операция жасалган бөбөктөр алты жашка толгондо чыгарары айтылды.

Бактыга жараша, операция ийгиликтүү өттү. Түйүлдүккө операция жасоо – медицинадагы чоң жылыш болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан