Өлкөдө бир жумада дээрлик 16 миң жол эрежесин бузуу катталды

Кыргызстандын аймагында бир аптанын ичинде 15 миң 887 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3524;
- авто унаанын тиешелүү документи жок – 161;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4394;
- ээн баштык – 3;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 506;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 81;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6172;
- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдынкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 24;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 215.

Унаа токтотуучу жайга 927 унаа токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан