Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки өлкөнүн келишимдери талкууга коюлуп, комитет карайт.
Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, журналисттер, блогерлер катышат.
Жыйынга келген Камчыбек Ташиев залга уюлдук телефондорду таштап кирүүнү айтып, ал жакта жашыруун маалыматтар айтыла турганын билдирди.
Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо өлкө башчы жыйын ачык өтөрүн айтканын айтып, уюлдук телефонсуз залга кирүүдөн баш тартты.