Бишкек троллейбус башкармалыгы кыш мезгили башталар алдында троллейбустарды пландуу техникалык кароодон өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, борбор калаанын троллейбустарын техникалык кароодон өткөрүү троллейбус оңдоочулар тарабынан белгиленген тартипте бекитилген учурдагы эксплуатациялоо жана оңдоо документтерине ылайык жүргүзүлдү.
"Жалпысынан 140 троллейбус текшерүүдөн өттү. Адистер ар бир техникалык майда мүчүлүштүктөрдү аныктап, акт түзүшүп, ага ылайык аларды жоюу иштерин жүргүзөт. Бөлүмдүн кыймылдуу курамынын техникалык абалын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына төмөнкү адистер кирди: Башкы инженер, ӨТБ адистери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инженерлер, МАИ кызматкерлери, Депо-1 жана Депо-2 жетекчилери, резина боюнча техник, электроника инженерлери, транспорттун конфигурациясын жана электромобилдерди оңдоо ыктарын билген слесарлар", - деп жазылат маалыматта.