Эрбол Султанбаев: "Чек ара маселеси боюнча жыйын каалоочулар үчүн ачык өтүүдө"

Чек ара маселесин карап жаткан Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны бардык каалоочулар үчүн ачык өтүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалымдалгандай, жыйынга коомчулуктун өкүлдөрү - эксперттер, коомдук ишмерлер катышып жатат. Султанбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн дагы чектөө жок экенин билдирген.

"Каралып жаткан маселелердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен видеого тартууга болбойт. Кечээ тийиштүү органдардын жетекчилери президентке жыйынды ушундай форматта өткөрүү максаттуу экенин билдиришти", - дейт Султанбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-10-10 17:14:00
Актанбачы Садырдын кочук аарчысы......
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан