Австриянын учурдагы президенти кайрадан 6 жылдык мөөнөткө шайланды

Австриянын учурдагы президенти Александр Ван дер Беллен президенттик шайлоодо жеңишке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, расмий жыйынтык боюнча Ван дер Беллен шайлоочулардын 54,6 пайыз добушун алды. Ал эми анын атаандашы Вальтер Розенкранц 19,1 пайыз добуш алган. Бул жыйынтык менен шайлоонун 2-туру өткөрүлбөй турган болду.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талапкер 1-турда 50 пайыздан ашык добушка ээ болушу керек. Ван дер Беллен 54,6 пайыз добуш алып, кайрадан 6 жылдык мөөнөткө шайланды.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгаруу үчүн почта аркылуу добуш берилген 800 миңдей бюллетенди эсептеп чыгуу зарыл экендиги белгиленди. Бирок эксперттердин баамында, кырдаал көп өзгөрүшү мүмкүн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан