Өлкөдө соңку аптада 90 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды

Өлкөдө соңку аптада (4-10-октябрь аралыгы) COVID-19дун жаңы 90 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты

Маалыматка ылайык, 10 адам ооруканага жаткырылган, калган 80и амбулатордук дарыланууда.

2022-жылдын 10-октябрына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

2022-жылдын 9 ай 8 күнүндө COVID-19дун 21 502 учуру катталган, анын ичинде 19 495 (90,6 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан