Бүгүн эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы 31 жашка толду. Ал 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. 3 жашынан баштап атасы Расул Маматкулов менен бирге чоң сахнага бийлеп чыга баштап, кийин жеке ырчы катары "Түнкү Бишкек" аттуу ыры менен элге таанылган.
"Фотоальбом" рубрикасында ырчынын кичинекей, секелек, бой жеткен жана учурдагы сүрөттөрүнө саресеп салабыз.
"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
"Жашоодо адам болуп калыптанышыма атамдын ролу чоң. Чыгармачылыкка болгон табитим, мүнөзүм атама окшош. Бир сөз менен айтканда, атам мен үчүн – хан. Ал мени эркек баладай намыскөй кылып тарбиялады. Ошондон уламбы, ата-энемдин алдында өзүмдү эркек баласындай көп нерсеге милдеттүүдөй сезем. Атанын мээрими менен чоңойгон кыз бала бактылуу болот деп коюшат эмеспи. Атам мээримден өксүтпөгөнү үчүн бактылуумун. “Эгерде сеники туура болсо эч качан артка кайтпа, өзүңдүкүн бербе.
Башыңды бийик көтөрүп жүр” деген насааттарын көп айтты. Ар дайым “өзүңдү татыктуу алып жүр” дечү. Кээде туура эмес иш кылсам, мага сүйлөбөй коюп жазалачу. Сүйлөбөй калганда кабак-кашын карап бир нерсеге таарынып калганын түшүнөм. Андайда дароо көңүлүн алганга аракет кылам. Жанына барып “эмне болду? Туура эмес кылдымбы? Туура эмес кылсам кечирип коюңуз” дейм. Ал мен үчүн идеалдуу ата. Бизге бир да жолу кол көтөргөн жок. Жумшак сүйлөп чоңойтту. Жини келсе көзү менен эле бизди түзөп, ордубузга койчу".
Учурда үй-бүлөлүү, жолдошу Азамат экөө 3 баланын бактылуу ата-энеси.
Чыгармачылыктын чыйыр жолунда ар дайым жаңычылдык жаратып, өзгөчө клиптерди, образдарды жаратып келет.