Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация маселеси каралууда.
Анда эл өкүлү Адахан Мадумаров келишимде "Кемпир-Абаддын" Өзбекстанга өтүүсү белгиленгенин кескин сынга алды. Ага жооп берген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаровго мындан артык келишим түзө алса, ордун бошотуп берүүгө даяр экенин айтып, аны комиссияга жетекчи кылып, бир жыл убакыт берүүнү сунуштады.