Чыңгыз Айдарбеков чек ара боюнча кабыл алынган чечим тууралуу айтты (видео)

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков чек ара боюнча кабыл алынган чечим тууралуу айтты.

"Добуштар экиге бөлүнүп калды, алтоо макул болсо, төртөө каршы добушун берди. Жеке өзүм каршы болдум. Себеби бизге документтерди алып келип көрсөткөн жок", - деди ал.

Жыйын алгач ачык болуп жаткан, бирок катышуучуларга аудио, видео жаздыруучу жабдыктарды жана уюлдук телефон алып кирүүгө тыюу салынган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлдөрүнө маалымат берерде айтыла турган маалымат сыр бойдон сакталууга тийиш экендигин билдирип, жыйынды түз эфирден алып берүүнү токтотууну өтүндү.

Талкуу ачык өттү, жыйынга коомдук активисттер, аксакалдар, ЖМК өкүлдөрү киргизилди. Ал эми добуш берүүгө келгенде жабык эшик артында уланды. Ташиев жыйын жөн гана макулдашуу үчүн өтүп жаткандыгын, эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин гана ратификациялоо үчүн парламентке алып келишерин жана ал жыйындар ачык болорун белгилеген.

Атайын кызматтын төрагасы буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирди. Анын айтымында, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 699 гектар жер алат, анын ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга өтөт, жалпы жонунан Кыргызстандын аянты 15 806 гектарга кеңейет.

Эми келишимге эки өлкөнүн президенттери кол коюшу керек. Андан кийин парламент ратификациялашы шарт. Аягында эң акыркы чечим өлкө башчы тарабынан кабыл алынып, андан соң гана юридикалык түрдө күчүнө кирет.

Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан