“Санарип көчмөн” макамын алуу үчүн 600дөн ашык адам арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрь күнү Бишкекте өткөн маалымат жыйыны учурунда эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Кабарлангандай, арыз бергендер Азербайжан, Армения, Молдова, Орусия жана башка өлкөлөрдүн жарандары. Ал эми буга чейин 182 адам каттоодон өткөнү белгилүү болду.
"Калгандарынын документтери каралып жатат", - дейт Базарбаев.
Ушул жылы министрлер кабинети чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда иштешине шарт түзгөн "Санарип көчмөн" статусун ыйгаруу тууралуу убактылуу жобону бекиткен болчу.
Ал эми президент Садыр Жапаров апрелде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон.
Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп келишет.