Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 11-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, энергетика, жеке секторду колдоо, санариптештирүү, жашыл экономика жана адам капиталын өнүктүрүү сыяктуу кызматташуунун багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
"Өз кезегинде АӨБ директорлор кеңеши каржылоодо төмөнкү негизги артыкчылыктуу багыттар: жакырчылыкты кыскартуу, жеке секторду колдоо, климаттын өзгөрүү маселелери, транспорт, энергетика, сапаттуу мамлекеттик башкаруу жана аймактык кызматташтык карала турганын белгиледи",- деп айтылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле өлкөдө башталган ири долбоорлорду, атап айтканда Камбар-Ата-1 ГЭСин, "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулагандыгы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан