Бишкекте 200дөн ашык көрнөк-жарнак демонтаждалды

Бишкек шаардык мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы бир аптада борбор калаадагы 200дөн ашык көрнөк-жарнак жана конструкцияларды демонтаждады. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, инспекция күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берүүдө.

Ошондой эле, инспекция күчөтүлгөн режимде борбор калаанын көркүн бузуп жаткан уруксатсыз жарнактардан тазалоо боюнча рейддерди өткөрүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан